Орловка № 2 орто мектебинин 2022-2023жылындагы Кыргыз Республикасынын Билим беруу жана илим министрлигинин 2022 жылдын 24- августундагы № 1626\1 буйругунун негизинде 1-сентябрь Билим кунуно жана Биринчи конгуроого арналган салтанаттуу линейкасы боюнча маалымат:
Биздин олкодо жыл сайын «1-сентябрь» «Билим куну» катары белгиленет. Билим куну бул- бардык окуучулардын, студенттердин, алардын ата-энелеринин, мугалимдердин жана окутуучулардын майрамы.
Биздин Орловка № 2 орто мектебинде чон салтанаттуу линейкасы саат 9.00 до банталды. Ачылыш аземинде биздин коногубуз: Кемин райондук билим беруу болумунун жетекчиси Бедельбаева Альвина Асынбековна, ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер катышышты. Эн биринчи майрамдын ачылышы Кыргыз Республикасынын гимнисинен башталды. Куттуктоо создору конгубуз: Бедельбаева Альвина Асынбековнага, мектеп мудуру Шакун Галина Владимировнага берилди:
«1-сентябрь — бүгүн биринчи класс болгон балдардын жашоосундагы жаңы этаптын башталышы. Биринчи сентябрь – Билим күнү! Мектеп дүйнөсүнө кош келиңиздер! Билимдердин жана ачылыштардын бул укмуштуу дүйнөсү менен тайманбай таанышыңыздар! Биринчи мугалим жана жарык мектептин классы сиздерди күтүп жатат! Сабактар жадатма эмес, китептер – кызыктуу, ал эми мектептеги достук бекем болсун!
1-сентябрь бүтүрүүчүлөр үчүн – алардын жашоосундагы акыркы 1- сентябрь. Кымбаттуу 11-класстар! Эске алгыла, силердин мындан аркы тагдырыңар силердин колуңарда! Өзүнөрдүн келечектеги жеңишиңер үчүн бекем фундамент куйгула. Ушул жылы силер профессияңарды тандап, ЖРТ тапшырып, ЖОЖго өтүүнөр керек. Умтулгула – силердин колуңардан баары келет! Биздин мектеп жаңы окуу жылына даяр. Бүгүн биздин мектепте меймандос ачылган босогосун аттаган баардыгыңыздарга ийгиликтерди каалайм! » деп жакшы каалоо тилекери айтылды.
Салтанаттуу линейкада 1- класстын кыргыз жана орус класстарынын арасында ырлар,корком окуулар айтылды. Чон класстар арасында ырлар, бийлер коштолду. Ошентип 1-класстар учун «эн биринчи конгуроо» кагылып, ал эми 11- класстар учун «акыркы конгуроо» 1-класстын окуучусу Асаналиев Алиаскар жана 11- класстын окуучусу Нурдинов Азим конгуроо кагышты.
Салтанаттуу майрам салтанаттуу класстык сааттар менен да улантылды:
1-сентябрь « Билим кунуно» карата тарбиялык сабактарды отуу:
1-4 кл. « Мен –Кыргызстандын жаранымын»
5-8 кл. «Элдердин биримдиги маданий коп турдуулукто»
9-11кл « Кыргыз жараны – жалпы жарандык иденттуулук».
«Максатсыз адам — канатсыз куш» деген накыл кеп сыңары, «турмушта өз ордумду тапсам экен» деген ар бир окуучунун, «тарбия менен билим берген окуучум эл керегине жараса экен» деген ар бир мугалимдин, «балам өз Мекенине ак кызматын арнаса экен» деген ар бир ата-эненин үмүт-тилеги, ой-максаттары орундалсын!
Комментарии